Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

Аксыдагы жыйында Путинге кайрылуу жасалды


Аксыдагы жыйын.
Аксыдагы жыйын.

Кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн талаш маселени чечүүгө, Өзбекстан менен сүйлөшүү жүргүзүүгө Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттык келишим уюму сыяктуу бирикмелер да катышуусу зарыл жана буга Орусия президенти Владимир Путинди ортомчу болууга чакыруу керек. Бул тууралуу бүгүн Аксыда өткөн оппозициянын митингинин жыйынтыгында кабыл алынган резолюцияда айтылат.

Оппозиция ошондой эле чек арада түзүлгөн соңку абал үчүн өлкө жетекчилигин айыптап, муну "бийликтин шалаакылыгы, тышкы саясатты жүргүзө албаганы" деп атады.

18-марттан бери Жалал-Абаддын Аксы районуна чектеш аймакта кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек тилкесине Өзбекстандын чек арачылары кирип алды. Кыргызстандын буга байланыштуу дипломатиялык нотасына Ташкен жооп бере элек.

Бийлик коңшу өлкө менен сүйлөшүу жүрүп жатканын, маселе тынчтык жолу менен гана чечилерин айтып, Аксыда митинг уюштурган оппозицияны түзүлгөн жагдайды өзүнүн жеке саясый кызыкчылыгына пайдаланып жатат деп айыптоодо. (RsK)

XS
SM
MD
LG