Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Обаманын Куба сапары аяктоодо


АКШ президенти Барак Обама менен Кубанын президенти Раул Кастро
АКШ президенти Барак Обама менен Кубанын президенти Раул Кастро

Демократия жана адам укуктарын коргоо жаатында бир топ келишпестиктер болгонуна карабастан АКШ менен Куба кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Барак Обама менен Рауль Кастро Гаванада өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Обама 20-мартта Кубага тарыхый сапар менен келген. АКШ президенттери 1928-жылдан бери бир да жолу Кубага бара элек болчу. Обама Кубанын келечегин аныкташ керек экенин, адам укуктары универсалдуу баалуулук экенин айтты:

- Президент Кастро белгилегендей, ортодо олуттуу пикир келишпестиктер кала берүүдө. Анын ичинде демократия жана адам укуктары жаатында. Президент Кастро экөөбүз ошол маселелерди ачык-айкын, түз талкууладык. Кошмо Штаттар Куба улут катары жасаган прогрессти, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы чоң жетишкендиктерди тааныйт. Эң негизгиси Кубанын тагдырын АКШ же башка бир өлкө аныктабайт деп айткым келет. Куба - суверендүү өлкө жана анын келечегин башкалар эмес кубалыктар өздөрү чечет.

Маалыматтарга караганда, Обаманын сапарынын алдында ондогон диссиденттер камалган.

Ал эми Кубанын президенти Рауль Кастро АКШ Конгрессин жарым кылым мурда аралга салынган соода эмбаргосун алып, америкалык Гуантанамо аскерий базасын Гавананын көзөмөлүнө берүүнү чакырды.

2014-жылдын декабрында АКШ менен Куба 1961-жылы үзүлгөн дипломатиялык мамилелерди оңдоо боюнча макулдашкан. Өткөн жылы эки өлкө элчиликтерин ачышканы менен экономикалык жана гуманитардык кызматташуу калыбына келе элек.

XS
SM
MD
LG