Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Аксы: чек арачыларга жаштардан жардам келди


Жалал-Абад облусундагы жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, жаш активисттерден турган топ 22-мартта Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы соңку окуяга байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткан чек арачыларга, атайын бөлүктүн жоокерлерине жана милиция кызматкерлерине чакан жардам алып барды. Жалал-Абад жаштары коомунун өкүлү Бектур Токтоноевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бул иш-чара менен жаштар мындай кырдаалда четте турбай колдон келген жардамын берүүгө даярдыгын көрсөтүп жатат.

Аксыда чыр чыккан чек ара тилкесин кайтаргандарга буга чейин Кыргызстандын дээрлик бардык аймагынан, коомчулуктан ар кандай жардам берилип жаткан.

Жалал-Абад облусундагы Аксы - Ала-Бука жолунун чек арадагы тактала элек бөлүгүнө өзбек чек арачыларынын тобу аскерий техникасы боюнча 18-марттын таңында кирип алган. Аталган аймактагы 38 гектар жер тактала элек, Кербен – Ала-Бука автожолунун 1800 метри ошол такталбаган аймакка кирет. (EBM)

XS
SM
MD
LG