Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Орусияда өзбек жараны бүлгүн салууга айыпталып камалды


Петербург шаардык соту Өзбекстан жараны Хасан Саттаровду Орусия аймагында террордук уюмдардын ишмердигин жайылтууга айыптап, камоо чечимин чыгарды. Ал Орусиянын Конституциясына каршы аракеттерди жасоого элди үндөгөн деп айыпталууда.

Тергөөдө маалым болгондой, Саттаров жана ал баштаган бир канча киши Орусияда тыюу салынган “Түркистан ислам кыймылы” уюмуна адамдарды тартуу менен алектенген жана “мамлекеттин түзүмүн өзгөртүүгө үндөп, элди “жихадга” чакырган”.

Хасан Саттаров жогорудагыдай айыптоо менен Өзбекстанда да издөөгө алынган.

XS
SM
MD
LG