Брюсселде 30дан ашуун адамдын өмүрүн кыйган жардырууларга байланыштуу Белгияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.
Завентем аэропортунда жана Мэлбек метростанциясында 22-март күнү эртең менен болгон жардыруулардан отуздан ашуун адам мерт кетти. Эки жүздөй киши жараат алып, ооруканага түштү. Курмандыктар саны дагы өсүшү мүмкүн экени айтылууда. Бийлик окуяны теракт деп атады.
Алдын ала кабарларга ылайык, каза тапкандар арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Брюсселдеги кыргыз элчилигинин консулу Руслан Бекболотов билдирди.
Расмий маалыматтарга караганда, Белгиядагы кыргызстандыктардын саны 700дүн тегерегинде.