Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:30

Кыргызстандагы бардык аэропорттор коопсуздук чараларын күчөттү


"Манас" аба майданы.
"Манас" аба майданы.

Бельгиядагы жардырууларга байланыштуу 22-марттан тарта өлкөдөгү аэропорттордун кызматкерлеринен кылдаттык талап кылына баштады. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аба майданынын басма сөз катчысы Алия Курбанова “Азаттыкка” билдирди.

-“Манас”, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көлдөгү аэропорттор учуу жана жүргүнчүлөр коопсуздугун камсыздоо максатында күчөтүлгөн эреже менен иштеп жатат. Ар бир жүргүнчү өтө кылдат текшерүүдөн өткөрүлүүдө,- деп айтты Курбанова.

Жүргүнчүлөргө этият болуу, чоочундардан кат жана башка буюмдарды аманат катары албоо, аба майдандын аймагында баштыктарды, жүктөрдү кароосуз калтырбоо, узатуучу жок эле келүү сунушталууда. (NT)

XS
SM
MD
LG