Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:50

HRW: Савченкого чыккан өкүм адилетсиз болду


"Хьюман Райтс Уотч" эл аралык укук коргоо уюму украиналык учкуч Надежда Савченкого чыгарылган өкүмдү адилетсиз деп атады. Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча жетекчиси Хью Уильямсон соттун кечээги чечими негизсиз болгонун айтып, Орусияны Савченкону бошотууга чакырды.

Батыш мамлекеттери да украиналык учкуч абактан чыгарылууга тийиш деген позицияны айтышууда.

Шейшембиде АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Жон Кирби да Савченкону жана башка мыйзамсыз камалган украиналыктарды бошотууга Москваны чакырды.

Орусиянын Ростов облусундагы Донецк шаардык соту 22-мартта орусиялык эки журналисттин өлүмүнө күнөөлөнүп жаткан Савченкону айыптуу деп таап, 22 жылга эркинен ажыратты жана 30 миң рубль айыппул салды. Муну менен ал коюлуп жаткан айыптоолордун бардык пункттары менен күнөөлүү деп табылды.

XS
SM
MD
LG