Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

Жергиликтүү депутаттар Үңкүр-Тоодогу телемунараны жылдырууга каршы


Аксыдагы Үңкүр-Тоо.
Аксыдагы Үңкүр-Тоо.

Бүгүн Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кербен шаардык кеңештин кезексиз жыйынында Үңкүр-Тоодогу телерадио сигналдарын таратуучу станцияга байланыштуу өкмөттүн токтому каралды.

Шаардык кеңештин депутаты Эргешаалы Озокеевдин “Азаттыкка” билдиришинче, былтыр ноябрда кабыл алынган токтомдо телемунараны көчүрүү, ал үчүн башка жер бөлүп берүү тууралуу айтылган. Озокеев кеңештин жыйынында токтомду колдобоо тууралуу бир ооздон чечим кабыл алынганын билдирди. Өкмөт азырынча, комментарий бере элек.

Аксыдагы Үңкүр-Тоодогу станция жана ал турган жерге байланыштуу 2013-жылы маселе чыккан. Анда Өзбекстан Кыргызстанга радиотолкунду колдонуу боюнча эки тараптуу келишимди бузду, антенналар 2007-жылдан бери мыйзамсыз турат, деп доомат арткан жана өзбек чек арачылары станцияга кирип барган. (EBM)

XS
SM
MD
LG