Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Бельгия теракттан кийин аза күтүүдө


Бельгиядагы жардыруулардан 30дан ашуун адам набыт болду.
Бельгиядагы жардыруулардан 30дан ашуун адам набыт болду.

Брюсселде 31 кишинин өмүрүн алып, 270тен ашуун кишини жарадар кылган жардыруулардан кийин өлкө үч күндүк аза күтүүдө.

Завентем аба майданында 22-мартта жасалган кош жардыруунун жоопкерчилигин Ислам мамлекети аталган террордук уюм өзүнө алды.

23-мартта Бельгиянын маалымат каражаттары жардыруу жасаган жанкечтилердин ысымдарын атады. Алар ага-инилер Халид жана Брахим ел-Бакрауи болуп чыкты. Алар менен кошо жүргөн үчүнчү адам изделүүдө. Анын ысмы Нажим Лачрауи экени айтылууда.

Ага-инилердин бирөөсү жасалма ысым менен Брюсселде үй жалдап алганы кабарланууда. Ал райондо өткөн жумада полиция операция өткөрүп, куралдуу адамды жок кылган болчу. Ал операция учурунда полиция Салах Абдесламдын манжаларынын изин таап, андан кийин өзүн кармаган болчу. Ал Париждеги теракттарга тиешеси бар деп издөөгө алынган. (AiT)

XS
SM
MD
LG