Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Орусия жана Финландия чек арадан өткөрүүнү чектөө келишимине жетишти


22-мартта Москвада президенттер Владимир Путин жана Саули Ниинисто орус-фин чек арасындагы Салла жана Лотта өткөрмө бекеттеринде чектөө киргизүүнү чечишти. Ал чечим акыркы кезде күч алган миграциялык кризиске байланыштуу кабыл алынды. Келишимге ылайык, аталган өткөрмө бекеттерден үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын өтүшүнө жол берилбейт. Беларус, Орусия жана Финляндия жарандарына анын тиешеси болбойт.

1340 чакырым келген орус-фин чек арасы мигранттардын Шенген зонасына өтүүсүнө мүмкүнчүлүк берип жаткан. Быйылкы жылдын эки айында эле миңдей мигрант Орусиядан Финляндияга өткөн. Фин бийлиги Түркия жана Грекияда мигранттардын өтүүсүнө жолдор жабылып жатканда, Финляндия оңтойлуу багыт болуп калат деп чочулайт. (AiT)

XS
SM
MD
LG