Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Кыргызстан Бельгияга көңүл айтты


Президент Алмазбек Атамбаев Брюсселдеги террористтик актылардын натыйжасында жарандар курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Кыргыз Республикасы бул адамгерчиликсиз жана үрөй учурган террористтик актыны чечкиндүү айыптайт» деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.

Президент курман болгондордун туугандарын жана жакындарын колдоорун билдирди жана бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Кечээ Брюсселде 31 кишинин өмүрүн алып, 270тен ашуун кишини жарадар кылган жардыруулардан кийин Бельгия үч күндүк аза күтүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG