Кыргыз байлары чет элдик кызматчы жумшайт
Колунда бар, байгер кыргызстандыктар арасында чет элдик жарандарды үй кызматчы, бал багуучу же ашпозчу кылып иштетип жаткандар пайда болду. Мунун артыкчылыгын алар чет тилди жакшы билгендигинен жана үй-бүлөлүк сырлардын таралышына мүмкүнчүлүгү жоктугунан көрүшөт.