Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:12

Кыргызстанга ЖККУнун баш катчысынын орун басары жөнөтүлдү


Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 23-марттагы маалымдоосуна караганда, 22-мартта Кыргызстандын демилгеси менен ЖККУнун Туруктуу кеңешинин жыйыны болду. Анда Жалал-Абад облусундагы кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаал талкууга алынып, аны кийинки күндөрү да улантуу чечими кабыл алынды. Кырдаалды жеринде иликтөө үчүн ЖККУнун баш катчысынын орун басары Ара Бадалян Кыргызстанга жөнөтүлдү. Ошондой эле кырдаал ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин мүчөлөрү тарабынан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжанын катышуусу менен телефон аркылуу талкууланды.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы аныктала эле аймакка 18-мартта Өзбекстан аскер жана техникаларын киргизген. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин аскер жана техникалардын саны кыскартылды. (AiT)

XS
SM
MD
LG