Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

Украина Орусияга санкция киргизүүнү караштырууда


Президент Петро Порошенконун билдирүүсүнө караганда Улуттук коопсуздук кеңешке Надежда Савченкону соттук куугунтуктоого тиешеси бар орус расмийлерине санкция киргизүүнү сунуштады.

Орусиянын соту Надежда Савченкону Украинанын чыгышында эки орусиялык журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деп айыптап, 22 жылга кести.

22-мартта соттун өкүмү чыккандан кийин президент Порошенко аскерий учкучту колго түшүрүлгөн орус аскерлери менен алмаштырууга даярдыгын билдирген.

23-мартта Харьков шаарында журналисттерге берген маалыматында Петро Порошенко алмаштыруу Савченкого чыгарылган өкүм толук күчүнө киргенден кийин мүмкүн болорун айтты. Өкүм 10 күндөн кийин апелляциялык арыз берүү мөөнөтү аяктаган соң күчүнө кирет. Надежда Савченко болсо апелляциялык арыз бербесин, Орусиянын сотун тааныбай турганын билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG