Линктер

бейшемби, 25-май, 2017 Бишкек убактысы 14:34

“Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси Бишкекте нааразылык акцияга чыгат


Кыргыз чоролору.

Ак үйдүн алдындагы акцияда аталган коомдук бирикменин өкүлдөрү Аксы районунун Үңкүр-Тоо аймагындагы телерадио сигналдарын таратуучу станцияга байланыштуу өкмөттүн протоколуна каршылык билдиришет. Бул тууралуу коомдук бирикменин мүчөсү Кубанычбек Дүйшеев “Азаттыкка” маалымдады.

Буга чейин Кербен шаардык кеңешинин депутаттары өкмөттүн Үңкүр-Тоодогу телемунараны башка жакка көчүрүү үчүн жер маселесин чечип берүү сунушун колдогон эмес. Кийинчерээк өкмөт шашылыш билдирүү таратып, телемунара эч жакка көчүрүлбөй турганын, аны менен байланышта иштей турган жаңы станция куруу пландалып жатканын жарыялады.

Расмий маалымат боюнча, Үңкүр-Тоо чек аранын тактала элек бөлүгүндө орун алган. Ал жерде Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станция бар.​ (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG