Учурда кыргыз өкмөтүндө Үңкүр-Тоону өзбек тарапка берүү тууралу сөз жок. Бул жөнүндө бүгүн пресс-конференцияда өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди. Ал "болгону ал жерде турган станцияны күчтөө маселеси көтөрүлүп жатканын " айтты.
Кечээ 2015-жылы ноябрда өткөн өкмөттүн жыйынынын протоколу деген документтин сүрөтү интернетке тараган. Анда "Өзбекстандын аймагында жайгашкан "Кербен" радиорелейлик станциясы" деген жазуу бар.
Бирок өкмөт бул документти тастыктаган жок. (RK)