Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

Эрдоган: Брюссель терактына шектелгендердин бирин Түркия депортациялаган


Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Брюссель аэропортундагы терактка шектелгендердин бири Түркиядан депортацияланганын түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган айтып чыкты. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Эрдоган ал кишинин атын атаган жок. Бирок 2015-жылдын июнь айында кармалган кишинин жеке суранычы менен Нидерландияга депортацияланганын тактады. Ошондой эле Анкара бул боюнча Нидерландия бийлигин эскерткенин, бирок, ага маани берилбей, ал киши кое берилгенин кошумчалады.

Бельгия прокуратурасы түрк президентинин айтканын четке какты.

Брюсселдеги Завентем аэропортуна жарылуучу зат салынган баштыкты калтырып кеткен киши учурда изделүүдө. Анын тек-жайы азырынча тактала элек.

22-мартта аэропортто жана "Малбек" метросунда кош жардыруу болгон. Андан 32 адам мерт болуп, 270и жаракат алышкан. Өлкөдө үч күндүк аза күтүлүп, коопсуздук болушунча күчөтүлдү.

XS
SM
MD
LG