24-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында көпчүлүк жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Бийик тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 5...10, күндүз 9...14,
Таласта түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...-7,
Баткенде түнкүсүн 4...9, күндүз 9...14,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 5...10, күндүз 12...17,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14,
Нарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 5...10,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17, күндүз -3...-8.
Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 10...12 градус жылуу болот.