Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Европа банктары Орусиянын баалуу кагаздарын алуудан баш тартууда


Бир катар европалык ири банктар 3 млрд. долларга барабар орусиялык облигацияларды алуудан баш тартышты. Санкцияларга туш болгон Орусия ушундай жол менен сырткы базарлардан киреше табууну көздөгөн деп жазат The Wall Street Journal.

Марттын ортосунда Евробиримдик жетекчилиги, андан мурдараак АКШ орусиялык баалуу кагаздарды сатып албоо өтүнүчү менен европалык банктарга кайрылган.

Баалуу кагаздарды сатып алуу Орусияга салынган санкцияларга тикелей каршы келбегени менен Евробиримдик банктар ушундай жол менен орус экономикасын колдошун каалабайт.

Мурдараак орус Каржы министрлиги ири америкалык, европалык жана азиялык банктарга мамлекеттик облигацияларын сатып алууну сунуш кылган. Түшкөн акча 2016-жылдагы бюджет таңкыстыгынын бир бөлүгүн жапмак.

The Wall Strett Journal маалыматына караганда, европалык BNP Paribas, Credit Suisse, Deutsche Bank, HSBC жана UBS, америкалык Goldman Sachs и J.P.Morgan банктары Орусия менен баалуу кагаздар жаатында иштешүүдөн баш тартышкан.

XS
SM
MD
LG