Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Атамбаев БУУ өкүлү менен аймактагы коопсуздукту талкуулады


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун Борбор Азиядагы превентивдүү дипломатия боюнча борборунун жетекчиси Петко Драгановду кабыл алып, аймактагы коопсуздуктун азыркы абалы менен келечегин талкуулады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Атамбаев Кыргызстан пайда болгон ар кыл маселелерди сүйлөшүү жолу менен гана чечүүнү жактаарын айтты.

Өткөн аптадан бери Борбор Азия аймагында кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаал талаштуу болууда. Өзбекстан Аксынын Чаласарт тилкесине өз аскерлерин киргизген. Кыргызстан бул талаш тилке экенин айтып, нааразылык нота жөнөткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG