Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Ысык-Көлдө кургак учукка чалдыккандардын саны өсүүдө


Ысык-Көл облусунда кургак учук илдетине чалдыккандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн Каракол шаарынын борбордук аянтында өткөн акцияда облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Жаңыл Акунова билдирди.

Анын айтымында акыркы эки айда эле илдетке кабылгандардын саны 71ди түзгөн. Өткөн жылдын 2 айында 29 адам катталган.

Бүгүн кургак учукка каршы күрөшүү боюнча бир айлык акция аяктады.1-мартта башталган акция алкагында жарандарга кургак учук тууралуу кеңири маалымат берилди. (AsM)

XS
SM
MD
LG