Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Орусияда экстремизмге шектелген кыргызстандык каза болду


“Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна адамдарды азгырууга шектелип кармалган кыргызстандык жаран сурак учурунда терезеден боюн таштап каза болду. Орусиялык маалымат каражаттарынын жазгандарына караганда, окуя 23-мартта Ички иштер министрлигинин Москванын Түндүк-чыгыш округу боюнча башкармалыгында болгон.

Кыргызстандык жаран сурак берип жаткан маалда терезени ачып, боюн таштаган деп кабарланат. Бешинчи кабаттан кулаган жаран дароо жан берген.

Орусиянын тергөө комитети бул боюнча кылмыш ишин козгоду. Экстремисттик топко адамдарды азгырды делип кармалган жарандын аты-жөнү азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG