Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:29

Путин: Керринин сапары бир пикирге келүүгө көмөктөшөт


Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Кремлде жолугушту. Анда Путин Керринин сапары Сирия жана Украина боюнча бир пикирге келүүгө түртү берерине үмүттөнөрүн билдирди.

Жон Керри Москвага 23-мартта келген. Мурдараак ал орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуп, “маанилүү өнөктөш менен жемиштүү диалог болду” деп Твиттерге жазды.

Эки тарап жолугушууда Сирия жана Украинадагы кризисти деталдуу түрдө талкуулашкан.

Сүйлөшүү алдында Керри Сириядагы элдешүүдөн кийинки жагдайды жакшыртуу, гуманитардык жардамды көбөйтүү зарыл экенин билдирген.

Керри Кремлдин жетекчилиги менен украин учкучу Надежда Савченкону мекенине кайтаруу боюнча сүйлөшөөрү да күтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG