Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Дара: Кыргызстанда кургак учук чоң көйгөй


Масуд Дара
Масуд Дара

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык бөлүмү 24-март кургак учукка каршы күрөшүү күнүн утурлай кезектеги баяндамасын жарыялады.

Статистикалык маалыматтар Саламаттыкты сактоо министрликтери жана улуттук кургак учук программалар тарабынан чогултулган. Региондон 53 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан уюмга мүчө. Биздин суроолорубузга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа бөлүмүнүн кургак учук боюнча программалык менеджери доктор Масуд Дара жооп берди.

Масуд Дара: 2014-жылы Европада кургак учукка кабылган адамдардын саны азайган. Статистикалык маалыматтарда дартка чалдыккандар 340 миңдин айланасында экени кабарланган. Башкача айтканда, ар бир 100 миң кишиге 37 учур туура келет. Тилекке каршы, 33 миңге жакын адам оорудан каза болгон. Илдеттин дары-дармектерге туруштук берген түрүнүн Чыгыш Европа жана Борбор Азияда жайылышы өзгөчө коркунуч жаратууда. Кеминде эки негизги дарыга туруштук берген ал форманы дарылоо өтө кыйын.

"Азаттык": Баяндамадагы маалыматка ылайык, Кыргызстанда 100 миң адамга кургак учукка кабылган 127 киши туура келет. Мындай жогорку көрсөткүчтү кандай түшүндүрсө болот?

Кыргызстанда кургак учуктун жайылышына жакырчылык себеп болууда
Кыргызстанда кургак учуктун жайылышына жакырчылык себеп болууда

Масуд Дара: Ооба, Кыргызстанда кургак учук диагнозу аныкталган, далилденген учурлардын көрсөткүчү өтө жогору. Өлкө бул жагынан Молдовадан кийинки экинчи орунда турат. Муну менен бирге бир жагдайды унутпоо зарыл. Саламаттыкты сактоо системасы жакшы иштесе, ооруну аныктоо жакшы деңгээлде жүргүзүлсө, анда көрсөткүч да, албетте, жогору болот. Бирок кургак учук Кыргызстанда чоң, коомдук көйгөй катары калууда.

Кургак учуктун көбөйүшүнө бир топ социалдык факторлор себепкер болууда. Атап айтсак, тамактануунун сапаты, адам организминин иммунитети, жакырчылыктын деңгээли илдетке кабылууга шарт түзөт, андан тышкары спирт ичимдиктерин ичкен же тамеки тарткандар тобокел тобуна кирет.

Албетте, ушул факторлордун бардыгы Кыргызстанда бар деп айтууга болбойт. Мурдагы Советтер Союзунан мураска калган системаны да эске алуу зарыл. Мурда калкка медициналык тейлөө көргөзүү ооруканаларда дарылоого негизделчү. Азыр болсо амбулатордук, керек болгон учурда бейтапты үйдө дарылоо же күндүзгү стационарларды, мобилдик ооруканаларды уюштуруу жагы өнүгүүдө. Кыскасы, бейтаптын дарылануу курсун бүтүрүшү үчүн ыңгайлуу болгон шарттарды түзүү керек. Кургак учуктун дары-дармекке туруштук берген түрү эки жылга чейин, жөнөкөй формасы алты айга чейин дарыланат. Ички же сырткы жер которуудан улам айрымдар курсту токтотуп коюшат. Андай болбошу керек.

"Азаттык": Кыргызстандын бийликтери кургак учуктун көбөйүшүн алдын алуу үчүн дагы кандай чараларды көрүүгө тийиш?

Масуд Дара: Биздин уюмдун өкүлчүлүгү Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен тыгыз кызматташат. Биргелешип биртоп жакшы иштер жасалууда. Алсак, дарыланууга бардык адамдарды камтуу иши жакшы жолго коюлган. Диагноз коюунун бардык жаңы ыкмалары да өнүккөн. Бирок кургак учукка каршы күрөш көп тараптуу болууга тийиш. Медициналык тейлөөдөн тышкары бейтап адамга социалдык колдоо көрсөтүүнүн мааниси да өтө жогору.

Кургак учуктун дары-дармекке туруштук берген түрү эки жылга чейин, жөнөкөй формасы алты айга чейин дарыланат. Ички же сырткы жер которуудан улам айрымдар курсту токтотуп коюшат. Андай болбошу керек.

Кыргызстанда кургак учукту көзөмөлдөө күчөтүлүүгө тийиш. Калктын кирешеси жогорулап, өлкө мурдагыдай донорлордун каражаттарынан көз каранды болбой калган. Азыр жаңы дары-дармектердин, өзгөчө илдеттин оор түрлөрүнө каршы колдонгон препараттардын алынып келишин жана алардын сапатын жакшылап текшерүүнү камсыздоо керек. Андан тышкары эл аралык өнөктөштөр менен биргелешип иштешүүнү улантуу зарыл. Кыргызстандын дагы бир жакшы жерин айта кетсем, саламаттыкты сактоо жаатында реформалар ырааттуу жүргүзүлүүдө.

Жогоруда кээ бир бейтаптар, өзгөчө эмгек мигранттары дарылануусун үзгүлтүккө учуратып коюшат деп айтпадымбы. Ошол мигранттардын көбүнүн медициналык тейлөө тууралуу кабары жок болот же депортациядан чочулашат. Кээ бирлери кургак учукту үйүндө, башкалары жумуш издеп барган өлкөдө жугузуп алышы ыктымал. Илдет стресс, начар тамактануу жана жашоо-шарттарынан улам өтүшүп кетет. Мындай кырдаалда эмгек мигранттарына биргелешип көз салуу, дарылоо курсун улантууну камсыздоого шарт түзүү керек.

"Азаттык": Мигранттар демекчи, ушу тапта Европа миграция кризисин башынан кечирүүдө. Бул - кургак учуктун учурларынын көбөйүшүнө салым кошушу мүмкүнбү?

Качкындар лагериндеги кыз. Идомени, Греция менен Македониянын чек арасы
Качкындар лагериндеги кыз. Идомени, Греция менен Македониянын чек арасы

Масуд Дара: Жакынкы Чыгыштан жана башка жерлерден ооп келген качкындар агымы Европада кургак учуктун статистикасын көтөрөт деген прогноз бизде азырынча жок. Анын себебин түшүндүрө турган болсом, ошол мигранттардын көбү илдеттин көрсөткүчтөрү төмөн өлкөлөрдөн келген. Бозгундарды кабыл алган өлкөлөрдүн айрымдарында тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлгөндө кургак учук менен ооругандар сейрек эле болуп чыкты. Алсак, Сирияда согушка чейин кургак учуктун көрсөтүкчү Европадагыдан эки эсе төмөн болчу. Ошол эле маалда кургак учук жайылган Эритрея өңдүү африкалык мигранттар да бар. Ал өлкөлөрдө кургак учук Европанын орточо көрсөтүкчүнөн 10 эсе көп.

Мигранттарды медициналык текшерүүдөн өткөрүү гуманитардык гана эмес коомдук саламаттыкты сактоо көз карашынан алганда да маанилүү. Алар баш калкалаган качкындар лагерлериндеги, Европага чейинки жолдогу шарттар оор. Бир бөлмөдө бир нече киши чогуу түнөйт. Бир киши кургак учукка кабылган болсо, илдеттин калгандарына жугуп, жайылуу коркунучу бар. Андыктан тиешелүү медициналык тейлөө абдан зарыл. Бирок кайталайм, качкындардын бардыгы эле кургак учук менен ооруйт деп ойлоо туура эмес. Европанын айрым борбор шаарларына дарттын көрсөткүчтөрү Борбор Азияга караганда да жогору болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG