Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Керри Орусияны Савченкону бошотууга чакырды


Москвадагы АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушуусу.
Москвадагы АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушуусу.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууда Донецк соту тарабынан 22 жылга кесилген украиналык учкуч Надежда Савченкону бошотууга чакырды.

Тараптардын Кремлдеги кечээги жолугушуусу 4 саатка созулуп, анын соңунда журналисттерге маалымат жыйын өткөрүштү. Путин Керринин сапары Сирия жана Украина боюнча бир пикирге келүүгө түрткү берерине үмүттөнөрүн билдирди.

Кездешүүдө Сирия жана Украинадагы кырдаал ортого салынды. Сириядагы тынчтыкты саясий жол менен чечуу макулдашылды.

Жон Керри Москвага 23-мартта барган. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуудан кийин ал “маанилүү өнөктөш менен жемиштүү диалог болду” деп Твиттерге жазды.

XS
SM
MD
LG