Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Элчилик Казакстанда кулчулукта жүрөт деген кыргызстандыкты издөөгө киришти


Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги бул өлкөдө кулчулукта жүрөт деген кыргыз жаранын издөөгө киришти. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Ошто жергиликтүү тургундардын биринен кичүү уулу коңшу республикада кулчулукта жүргөнү тууралуу кабар келип түшкөн. Факт боюнча Ош шаарынын милициясына арыз берилди. Ал Интерпол уюму аркылуу издөөгө алынат.

Бейрасмий маалымат боюнча Казакстанда эмгек мигранты болуп жүргөн кыргызстандыктардын саны 50 миңден ашуун. (RK)

XS
SM
MD
LG