Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Нарында бир жылда кургак учуктан 24 адам каза тапты


Иллюстрация
Иллюстрация

Нарында былтыр кургак учуктан 24 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Нуржамал Маамытова билдирди.

Бул көрсөткүч облустагы 100 миң кишинин сегизине туура келет. Ал эми 2014-жылы 16 киши аталган илдеттен көз жумган.

- Республикалык кургак учукка каршы борборунан дары-дармекти биз алып келебиз. Аны кайра ар бир райондун борборуна таратуу да бизге жүктөлгөн. Ал эми ал жактан алыскы айылдарга жеткирүү маселеси азыркы күнгө чейин чечиле элек. Бул оорунун көбөйүшүнө бирден бир себеби болууда, - дейт Маамытова .

Нарын облусунда кургак учук менен ооруган 609 киши каттоодо турат. Алардын 16сы балдар. (MiK)

XS
SM
MD
LG