Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Сариев: Чек ара маселеси өтө кылдат мамилени талап кылат


Чек ара маселеси өтө кылдат мамилени талап кылат жана аны жөнгө салууда кызуу кандуулукка алдырбоо зарыл. Бул тууралуу бүгүн өкмөт жыйынында премьер-министр Темир Сариев билдирди. Ал учурда эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилери Кызыл-Кыя өткөрмө пунктунда сүйлөшүү жүргүзүп жатканын маалымдады.

- Буга чейин президент жана биз бир нече жолу белгилегендей, маселени тынчтык жолу, сүйлөшүү аркылуу чечүүгө аракет кылышыбыз керек. Биз эч кимге жамандык каалабайбыз. Бирок мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо үчүн бардык аракетти көрөбүз жана күч-кубатыбызды жумшайбыз. Биздин өлкөнүн аймагынын 1 см жери башкаларга берилбейт, – деди Темир Сариев.

Премьер-министр ошондой эле Аксы жана Ала-Бука районун байланыштырган аймакка пост орнотуу менен Өзбекстан тарап ортодогу келишимдерди бир тараптуу бузуп жатканын билдирди.

«Кыргызстан бул маселеде эч кандай мыйзамды жана келишимдерди бузган жок. Мамлекеттик органдар аймактык бүтүндүктү сактоо үчүн өз аракетин көрүп жатат» деди Темир Сариев.

18-мартта Аксыдагы Чаласарт деген жерге өзбек чек арачылары кирип алган.

Кыргыз Чек ара кызматы бул талаштуу тилке экенин айтып келет. Ал эми жергиликтүүлөр ал жак башынан эле Кыргызстандыкы болгонун, үлүш жерлери бар экенин билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG