Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Өкмөт шайлоо күнү коопсуздукка өзгөчө көңүл бурууну талап кылууда


Кыргыз өкмөтү бүгүн ушу жекшембиде өтө турган жергиликтүү шайлоолорго карата даярдыкты талкуулады. Жергиликтүү бийлик органдарына шайлоону уюштурууга тиешелүү шарт түзүү жана Ички иштер министрлигине коопсуздукка өзгөчө маани берүү тапшырмасы берилди.

Премьер-министр Темир Сариев бир катар аймактарда шайлоо өтөрүн маалымдап, тиешелүү бардык органдарга даярдыкты күчөтүүнү тапшырды.

- Бул шайлоолорду өтө жогорку деңгээлде өткөрүшүбүз керек. Бул шайлоодо жаңы технологияларды колдонуу менен шайлоону дагы ачык-айкын жана калыс өткөрүү тапшырмасы турат, – деди Темир Сариев.

27-мартта Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Өкмөт буга чейинки парламенттик шайлоодогу сыяктуу бул жолу да добуш берүүнү биометрикалык системанын негизинде уюштурмай болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG