Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:24

Бектур Асановду камактан чыгаруу өтүнүчү келтирилди


Президент Алмазбек Атамбаевге Жалал-Абад облусунун аксакалдарынын атынан жазылган деген кат бүгүн облустук бийликке тапшырылды. Анда УКМКда камакта отурган оппозиционер саясатчы Бектур Асановдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчү келтирилгенин "Азаттыкка" тарапташы, Жалал-Абаддын экс-мэри Максат Жээнбеков билдирди.

Жээнбековдун айтымында, эгер өтүнүч аткарылбаса, алар нааразылык акцияларын уюштурууга даяр.

Оппозициялык саясатчылар, "Эгемен Кыргызстан" партиясынын лидери Бектур Асанов менен "Чындык" партиясынын жетекчиси Кубанычбек Кадыровду кечээ "Республика" гезитинин кеңсесинде сүйлөшүп отурган жеринен УКМК кызматкерлери кармап кеткен.

22-мартта интернетте оппозициячыл маанайдагы айрым саясатчылардын Ошто өтчү жыйыны, бийликти күч менен алмаштыруу тууралуу сүйлөшүүлөрү деген тымызын жаздырылып алынган 2 аудио тасма тараган. УКМК бул аудио мурда козголгон кылмыш иштин негизинде жаздырылгандар менен дал келерин айткан.

Ал эми сүйлөшүүгө катышкандардын айрымдары бийликти күч менен басып алууга камынып жатат деген дооматтарды четке кагып, муну каралоо деп атап жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG