Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:45

Бишкекке расмий сапар менен Ооганстандын ТИМ башчысы келет

Бишкекке расмий сапар менен Ооганстандын тышкы иштер министри Салахуддин Раббани келет. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан кабарлашты.

28-29-мартка пландалып жаткан сапар алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, кыргыз-ооган кызматташтыгынын саясий, экономикалык багыттары, аймактык жана эл аралык темалар талкууланат.

Соңунда кыргыз-ооган соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча өкмөт аралык комиссия түзүү тууралуу келишимге кол коюлат. (RK) 

XS
SM
MD
LG