АКШ жүргүзгөн атайын операция учурунда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун жогорку жетекчилеринин бири өлтүрүлгөнүн Пентагондун башчысы Эштон Картер билдирди. Ал бүгүн Вашингтондо журналисттерге айтканына караганда, өлтүрүлгөн Ажы Имам деген ат менен таанымал Абдул Рахман Мустафа ал-Кадули террордук топтун "каржы министри" болгон. Ал Ирак менен Сириядагы бир катар террордук чабулдарга да катышкан. Эштон Картер бирок атайын операциянын чоо-жайы жана Ажы Имам Сирияда же Иракта өлтүрүлгөнү тууралуу айткан жок.
Ажы Имамды Американын атайын кызматтары көптөн бери издеп жүргөн. Анын жайгашкан жери тууралуу маалымат үчүн 7 миллион долларлык сыйлык да жарыяланган эле. Ал "Ислам мамлекети" тобундагы экинчи колбашчы катары эсептелген.
АКШ коргоо министри аталган топтун жогорку жетекчилигин жок кылуу муну менен эле чектелип калбасын, ал ырааттуу түрдө улана берерин кошумчалады.
АКШ буга чейин ушул айда Сириядагы аба соккуларынан террордук топтун "аскер министри" Омар аш-Шишани тындым болгонун билдирген.