Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Ош: Адвокаттар иш таштабайт


Апта башында 24-мартка чейин Ош шаарынын прокурору кызматтан алынбаса, Ош шаардык адвокаттар бирикмеси жапырт иш таштоо кыла турганын маалымат жыйын куруп жарыялашкан.

Бирок бүгүн шаардык адвокаттар бирикмесинин төрагасы Немат Катаганов «Азаттыкка» иш таштоо болбой турганын бирдирди. Ал муну Ош шаарынын прокурору Атай Шакир уулунун кызматтан кетүүсүн мыйзам тартиби менен талап кылышарын айтты. Апта башында Оштогу адвокаттар биримдиги Ош шаарынын прокурору Атай Шакир уулу адвокаттарды жок кылам деп коркутканы үчүн анын иштен кетүүсүн талап кылып жатканын жарыялашкан эле. Шаар прокурору болсо адвокаттардын дооматын чындыкка дал келбейт деп четке каккан. (YI)

XS
SM
MD
LG