Кыргызстанда 27-мартта ала булут каптап турат, жаан жаабайт. Тоолуу аймактарда автожолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 18...23;
Таласта түнкүсүн 1...6, күндүз 17...22;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24;
Баткен облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 11...16;
Нарында түнкүсүн -2...+3, күндүз12...17;
Бишкекте 27-мартта ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 4...6 градус, күндүз 20...22 градус болот.(AzK)