Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

Ош милициясы: шайлоодо чагымчыл аракеттерге жол берилбейт


Оштогу шайлоо участкасы
Оштогу шайлоо участкасы

Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун “Азаттыкка” билдиришинче, аймакта укук коргоо органдары 17-марттан тарта Нооруз майрамы, оппозициянын курултай өткөрүү ниети жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо жараянына байланыштуу күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Бүгүн 73 шайлоо участогунун ар бирине ондон милиция кызматкери бекитилип, абалга көз салууда. Мындан тышкары аймакта элдик кошуундун 1050 мүчөсү иштеп жатат. Добуш берүү маалында ар кандай чагымчыл аракеттер чыгып кете турган болсо, аларга каршы алдын ала түзүлгөн резервдеги кызматкерлер иш алып барышат. Күч кызматкерлери кошумча буйрук чыкмайын күчөтүлгөн режимде иштей беришет.

Бүгүн Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө. Өкмөт буга чейинки парламенттик шайлоодогу сыяктуу бул жолу да добуш берүүнү биометрикалык системанын негизинде уюштурду. (AzK)

XS
SM
MD
LG