Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

Бүгүн Кыргызстанда Эл аралык театр күнү белгиленет


Кыргызстандагы театрдагы оюндан бир көрүнүш
Кыргызстандагы театрдагы оюндан бир көрүнүш

Бул күнгө байланыштуу Бишкек шаарынын көчөлөрүндө башкы театрлар майрамдык жүрүш жасап, салтанат Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык улуттук драма театрында жыйынтыкталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Мындан сырткары өлкөдөгү театрлардын дээрлик баарында майрамдык иш-чаралар өтүп, спектаклдер коюлат.

27- март Эл аралык театр күнү деп 1962-жылы Париждеги Улуттук Театрдын ачылыш аземине байланыштуу эл аралык театр институтунун IX конгрессинде кабыл алынган. Ошол күндөн бери дүйнө жүзүндөгү көптөгөн театрлар, анын ичинде Кыргызстандагы театрлар да 27-мартты кесиптик өнөр майрамы катарында белгилеп келет. (ZA)

XS
SM
MD
LG