Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:15

Бишкек Жол кайгуул кызматынын жетекчиси 17-апрелге чейин камакта болот


Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкектин Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Зумрад Жанабаева 17-апрелге чейин №1 тергөө абагында кармалат. Ал 25-марта кармалган. Башкы прокуратура Жанабаева карата кылмыш ишти Октябрь райондук прокуратурасы былтыр 17-декабрда Кылмыш кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык алдоо" беренелеринин негизинде козгогонун билдирген.

Маалыматка караганда, былтыр 18-декабрда жол кайгуулчу кызматкерлердин бири жасаган кылмыш факты боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада Жанабаева ал кызматкерге байланыштуу жасалма документке кол коюп, жазага тартылуусуна тоскоолдук жараткан деп шектелүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG