Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:19

Кыргыз футболчулары Тажикстанга сапар алышты


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары аэропортто. 27-март, 2016-ж. Бишкек.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары аэропортто. 27-март, 2016-ж. Бишкек.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына сапар алышты. Кыргыз футболчулары Тажикстандын улуттук курама командасы менен 29-мартта беттешет. Бул оюн 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна жана 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо мелдештеринин алкагында акыркы беттеш болуп саналат. Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришкендей, оюн Дүйшөмбү шаарындагы Борбордук стадионунда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 7де башалат.

2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо мелдештеринин экинчи айлампасында Кыргызстан В тайпасында Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангладеш курамалары менен ойноп жатат. Буга чейин болгон жети турдагы беттештерден кийин Австралия 18 упай менен көч башында. Иордания 16 упай менен экинчи, Кыргызстан 11 упай менен үчүнчү катарда. Тажикстанда учурда 5 упай бар. Бангладеш бир упай менен акыркы сапта.

2018-жылы Орусияда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын экинчи баскычында Азия чөлкөмүндө 8 тайпага бөлүнгөн бештен команда ойноодо. Бул баскычта биринчи орунду ээлеген 8 команда жана мыкты көргөзгүчкө ээ болгон төрт команда дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндарынын 3-баскычына жана 2019-жылы Бириккен Араб Эмиратында өтө турган Азия кубогуна катышууга жолдомо алышат. Калган командалар дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынан четтетилет. (ECh)

XS
SM
MD
LG