Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

The Diplomat: "Трамптын Америкасы" Кыргызстанга окшош...


Дональд Трамп
Дональд Трамп

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (21-27-март).

The Diplomat журналынын аналитиги Сара Киндзордун Америка Кошмо Штаттарынын президенттигине талапкер Дональд Трамптын диктаторлук мүнөзүн Борбор Азиянын түшпөс хандарына салыштырган макаласы чыкты.

«Трампменбашы» болуу үчүн Дональд мырза өзбек лидери Ислам Каримов, казак эл башчысы Нурсултан Назарбаев, ал тургай тиш догдур болуп жүрүп өлкө башына келген түркмөнбашы Гурбангулы Бердымухамедовдон авторитардык бийликти үйрөнө турган жөнү бар экенине басым жасайт аналитик.

«Дональд Трамптын оргу-баргы кыялы аз сандагы улутту кодулаган Адольф Гитлерге, Бенито Муссолиниге жана улуттар аралык араздашуу отун кызыткан серб лидери Слободан Милошевичке, Владимир Путинге окшош. Бирок баарынан кызыгы Дональд Трамп өз аброюн Борбор Азиянын түшпөс лидерлеринин диктаторлук сценарийи менен көтөрүүдө.

Маселен, 2010-жылы социолог Лаура Адамс бул чөлкөмдү «драмалардын сахнасы» деп атап, Өзбекстандын мамлекеттик түзүлүшү жалаң жасалма сценарийлерден турарын жазып чыккан. Мындай өлкөдө идеологиянын башкы булагы дал ошол сценарийди жазган диктатор болуп, эл ага сыйынып жашайт. Дональд Трамп болсо мусулмандар менен мексикалык мигранттарды кодулап, Борбор Азиядагы диктаторлук драманы АКШда сахналаштырганы турат.

«Трампизмдик» окшоштуктарды маркум Сапармурат Ниязовдон да байкаса болот. Ниязов өлкөсүн баарынан оолактатып, байлыктын баарын өзүнө топтоп, алтындан эстеликтерин тургузган. The Times гезити Дональд Трамп жашаган үйдүн түшпөс хандардын хан сарайынан айырмасы аз экенин белгилейт. Эгерде Трамп президент болсо анын өлкөсү кандай болот? "Трамптын Америкасына" Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан эң окшош. Анткени бул өлкөдө диктаторлук жок делгени менен толук демократия да орногон эмес. Борбор Азиянын бешенесине жазылган драмалардан четте эмес. Атуулдары ар дайым революция коркунучу менен жашайт. Кыргызстанда бийлик сересине чыккан лидерди кулатуу кыйын. Кокус Трамп да «тактыга» отурса аны түшүрүү оңойго турбайт», - деп жазат Сара Киндзор.

Эрдогандын Түркиясында баары террорчу

Foreign Policy гезитинин блогери Зия Увейсе Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган өзүнө карата сын айткандар менен жанкечти бомбачыларды айырмалай албай калганын жазат.

"Диярбакырда террорчу делген шек менен өлтүрүлгөн өспүрүмдөрдүн ата-энелери кантип балдарга бийликтин колу көтөрүлдү дешип көз жашын тыя алышпай жатат. Бир нече мектеп окуучулары Күртстан жумушчу партиясына катышы бар делген шек менен эки ай мурда көчөдө полиция тарабынан ок атылып жан берген. Алардын арасында мектеп формасын кийген 13 жаштагы кыз да бар. Эми мындан ары Эрдоган террорчуларды колдогондор да айоосуз жазаланарын билдирди. Ал тургай президенттин соттолгон атаандаштарына колдоо көрсөткөнү четтен барган адамдар да камакка алынууда. Маселен Британиянын профессору узаган аптада Күртстан жумушчу партиясынын Ноорузду майрамдай турган салтанатында камакка алынды», - деген пикирин билдирди Зия Увейсе.

Кудайга ишенүү адам мээсине кандай таасир этет?

Plus One илимий журналы кудайга ишенүү сезими адам мээсине кандай таасир этерине байланыштуу макала жарыялады. Анда ишеним учурунда адамдын мээсиндеги аналитикалык сенсорлордун иштөөсү басаңдаары маалымдалат.

Реалдуу жашоону элестетип, ойлонгон учурда пайда болгон анализдөө сезими кандайдыр бир диний ыбадатты аткаруу учурунда азайып кетет дешет окумуштуулар.

Илимий изилдөөгө 600дөн ашык ар кайсы динди туткан адамдар катышып, алардын жүрүм-туруму, диний ыбадаттарды аткаруу учурундагы кыймыл-аракеттери байкоого алынган жана баш мээлери томографиядан өткөн.

Рим Папасы мусулман качкындардын бутун жууду

Рим Папасы Пасха майрамынын алкагында Кастельнуово ди Порто аттуу качкындар лагерине барып, Жакынкы Чыгыштан Италияга жер которгон качкындардын бутун жууган жөрөлгөнү аткарганы дүйнөлүк басма сөздө эң көп окулган тема болду. Бул тууралуу Time журналы видео жана сүрөт баян жарыялады.

Ыйык бейшемби аттуу Пасха майрамынын алкагындагы ырым-жырымды аткарыш үчүн Рим Папасы Франциск мусулман качкындардын бутун жууп, андан кийин өптү. «Биз ар түрдүү маданият жана диндин өкүлдөрү болсок да, тынчтыкта жашагыбыз келет», - деди ал бул жөрөлгөнүн соңунда.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG