Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

"Бийлик бөлүшүүнү" талкуулаган делген аудио тасма интернетке чыкты


 "Бийлик бөлүшүүнү" талкуулаган делген, интернетке тараган тасма.
"Бийлик бөлүшүүнү" талкуулаган делген, интернетке тараган тасма.

Интернетке тараган маалыматта Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Тургун Нурматов аттуу адамдын сүрөттөрү тиркелип, Камчы аттуу адам жана аты белгисиз дагы бир аял бар экендиги белгиленген. Аудиодо бул адамдарга окшош үн менен сүйлөгөн жарандар күч түзүмдөрүнө кимди, кантип алып келүүнү талкуулашкан.

22-мартта интернетте оппозициячыл маанайдагы айрым саясатчылардын Ошто өтчү жыйыны, бийликти күч менен алмаштыруу тууралуу сүйлөшүүлөрү делген тымызын жаздырылып алынган эки аудио тасма тараган. УКМК бул аудио мурда козголгон кылмыш иштин негизинде жаздырылгандар менен дал келерин айткан.

Мындан улам "Эгемен Кыргызстан" партиясынын лидери Бектур Асанов менен "Чындык" партиясынын жетекчиси Кубанычбек Кадыровду 24-мартта "Республика" гезитинин кеңсесинде сүйлөшүп отурган жеринен УКМК кызматкерлери кармап кеткен. 26-мартта алар Биринчи май райондук соттун чечими менен 12-майга чейин камакта калган.

Ошондой УКМК козголгон кылмыш ишинин алкагында энергетика маселелери боюнча адис Эрнис Карыбековду 25-мартта камакка алганы белгилүү болгон.

Алар бийликти күч менен басып алууга камынып жатат деген дооматтарды четке кагып, муну каралоо деп баалашууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG