Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Эрнест Карыбеков эки ай УКМКнын тергөө абагында кармалат


Оппозициянын бийликти басып алуу планына катышкан деген шек менен кармалган Эрнест Карыбеков эки ай УКМКнын тергөө абагында болот. Анын баш коргоо чарасын караган Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн ушундай чечим кабыл алганын Коопсуздук комитетинен кабарлашты.

Энергетика маселелери боюнча серепчи Эрнест Карыбеков 25-мартта кечинде кармалган.

22-мартта интернетте "бийликти алууну жана бөлүштүрүүнү" талкуулаган деген айрым адамдардын сүйлөшүүсү чыккан. УКМК бул тасма мурда козголгон кылмыш иштин жана расмий санкциянын негизинде жаздырылган аудио менен дал келерин айткан. Бүгүн мындай тасманын дагы бири чыкты.

Буга чейин ошол тасмаларда айтылган сөзгө байланыштуу оппозиция өкүлдөрү Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров кармалып, экөө тең эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган. (RK)

XS
SM
MD
LG