Аймактык кабарчыбыздын билдиришинче, Нурлан Кенжебаев, Нурпазыл Жумабаев жана Артур Бердибеков аттуу жарандар биометрикалык маалыматын тапшырса да өздөрүн тизмеден таба алган эмес. Алардын экөө парламенттик шайлоодо добуш бергенин билдирүүдө. Бүгүн Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында да №40 90 шайлоо участогунда 34 киши өзүн тизмеден таппай калганы кабарланган. Мамлекетик каттоо кызматынын системасы аркылуу өзүн издеген кезде алардын айрымдары Алайдын Дароот-Коргон айылындагы шайлоо участогуна катталып калганын билишкен.
Ош шаарында жүргөн Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев бүгүн маалымат жыйынында тизмеден өзүн таппай калгандар чанда эле болуп жатканын айтып, ал шайлоо жыйынтыгына таасирин тийгизбестигин билдирген эле. Ал тизмеден өзүн таппагандар негизинен биометрикалык маалыматын тапшырбагандар болуп жатканын белгилеген. (AzK)