Ошто шаардык шайлоо комиссиясынын эшиги бир сааттан бери жабык турганын "Азаттыкка" шайлоочулар кабарлады. Алардын айтымында, ушу тапта комиссия отурган имараттын алдында 3-4 адам топтолуп турат. Алар өздөрүн тизмеден таппай калып, арызданганы келгендер экенин айтууда.
Комиссиянын ичиндегилер тамактанып жатканын айтып эшикти жаап койгон. (YI)