Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:09

Al Jazeera телеканалы 500 кызматкерин иштен кетирди

Катардын Al Jazeera телеканалы каржылык каатчылыктан улам 500 жумушчусун иштен кетиргенин веб сайтында жарыялады. Алардын көбү Катар баш калаасы Дохада иштешчү.

Падышалык үй-бүлө көзөмөлдөгөн бул телеканалдын Доха, Лондон жана Нью-Йоркто кеңселери бар.

Жалпысынан 4 миң киши эмгектенет. Быйыл мунайдын арзан болуусу жана дүйнөлүк экономикалык кризис бул медиа уюмду да кыйгап өтпөгөнүн жетекчилик маалымдады. (BCh)

XS
SM
MD
LG