Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

Шайлоодо уткандар боюнча алдын ала маалымат чыкты


Бүгүнкү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо шаарларда уткандар боюнча алдын ала маалыматты БШК башчысы Туйгуналы Абдраимов жарыялады:

Караколдо алдыда "Табылга", КСДП, "Кыргызстан", "Республика Ата-Журт", "Өнүгүү".

Балыкчыда "Замандаш", "Кыргызстан", "Республика Ата Журт", КСДП, "Өнүгүү",

Кемин шаарында КСДП, "Республика Ата-Журт", "Замандаш", "Өнүгүү", "Улуу Кыргызстан",

Токмокто КСДП, "Кыргызстан", "АК", "Республика Ата-Журт",

Ошто КСДП, "Кыргызстан", "Мекеним Кыргызстан", "Республика Ата-Журт", "Бир Бол", "Өнүгүү".

Белгилүү болгондой, бүгүн 6 шаар, 21 айыл кеңешке шайлоо өттү.

Майлуу-Суу боюнча маалымат азырынча жок.

Жогорудагы аталган партиялар 7% босогондон өтө алышты. Демек шаардык кеңешке кирүүгө укуктуу.

Расмий жыйынтык 2-3 күндөн кийин чыгат. (RK)

XS
SM
MD
LG