Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Брюсселдеги жардырууларга байланыштуу дагы төрт адам кармалды


Брюсселдин көчөлөрүнүн бири. 25-март, 2016-жыл.
Брюсселдин көчөлөрүнүн бири. 25-март, 2016-жыл.

Бельгиянын федералдык прокуратурасы билдиргендей, терроризм боюнча шектелгендерге каршы Брюсселде жана өлкөнүн түндүгүндөгү эки шаарчада жаңы 13 рейд өткөрүлдү.

Анын жүрүшүндө шектүү делген тогуз адам кармалып, бирок 27-март күнү баштапкы сурактардан кийин бешөө кайра бошотулду.

Мунун алдында 26-март күнү Бельгиянын прокуратурасы 22-марттагы жардырууларга байланыштуу үч адамга расмий айып коюлганын жарыялаган.

Ал эми Германиянын Die Welt гезитинин 27-мартта жазганына караганда, учурда Европанын коопсуздук кызматтары Брюсселде жана былтыр Парижде жасалган жардырууларга байланыштуу кеминде сегиз адамды издеп жатат.

Маалыматтарга караганда, алар Франция менен Бельгиянын жарандары жана учурда Европанын ичинде же Сирияда качып жүрүшү мүмкүн.

Брюсселдин аэропортунда жана бир метро бекетинде үч жанкечти 22-мартта жасаган, «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алган жардыруулардан 31 адам өлүп, 270тей киши жаракат алган.

Брюсселде жардыруу жасаган жанкечтилердин бири Нажим Лаашрауи Парижде былтыр ноябрдагы теракттарды даярдоого катышкан деп шектелип, изделип жаткан. (UE)

XS
SM
MD
LG