Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:04

БШК шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады


Жергиликтүү кеңеш шайлоосу.
Жергиликтүү кеңеш шайлоосу.

Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады. БШК башчысы Туйгуналы Абдраимов добуш берүү жараяны жалпысынан тынч жана штаттык режимде өткөнүн билдирди.

Соңку маалымат боюнча, катталган шайлоочулардын 56% добуш берди, эң чоң активдүүлүк Ош шаарында байкалды - 62,32%.

Шайлоо өткөн 6 шаарда добуштар партиялар арасында төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

Каракол: «Табылга» – 28.51%, КСДП – 13.99%, «Кыргызстан» – 10.25%, «Республика – Ата-Журт» – 8.89%, «Өнүгүү-Прогресс» – 8.31%.

Балыкчы: «Замандаш» – 20.87%, «Кыргызстан» – 13.42%, «Республика – Ата-Журт» – 11.25%, КСДП – 11.11%, «Өнүгүү-Прогресс» –9.46%.

Кемин: КСДП – 35.74%, «Республика – Ата-Журт» – 17.42%, «Замандаш» – 10.13%, «Өнүгүү-Прогресс» – 8.50%, «Улуу Кыргызстан» –8.37%.

Токмок: КСДП 36.75%, «Кыргызстан» – 20.03%, "АК" 11.79%, «Республика – Ата-Журт» –10.45%.

Ош: КСДП –30.61%, «Кыргызстан» – 15.73%, «Мекеним Кыргызстан» – 11.89%, «Республика – Ата-Журт» – 9.74%, «Бир Бол» – 8.52%, «Өнүгүү-Прогресс» – 8.08%.

Майлуу-Суу: «Республика – Ата-Журт» – 40.21%, КСДП – 37.98%, «Өнүгүү-Прогресс» –9.97%, «Ата-Мекен» – 7.91%.

Туйгуналы Абдраимовдун эскерткенине караганда, бул алдын ала маалымат. Расмий жыйынтык 2-3 күндөн кийин чыгат.

Кечээ Кыргызстандын 21 айылдык кеңешине жана 6 шаарына жергиликтүү депутаттар шайланды.

Өкмөт былтыркы парламенттик шайлоодогудай бул жараянда да бюллетенди автоматтык түрдө окуп чыгуучу үкөктөрдү жана шайлоочуларды биометрикалык каттоо боюнча аныктоо ыкмасын колдонду. (RK)

XS
SM
MD
LG