Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:25

"Бир жарандан бир көчөт": Быйыл Кыргызстанда алты миллион көчөт отургузулат


Баткендеги Айгүл Тоого көчөт отургузуу жөрөлгөсү.
Баткендеги Айгүл Тоого көчөт отургузуу жөрөлгөсү.

Тарых жана маданият жылын өткөрүү дирекциясы быйыл Кыргызстандын аймагында кеминде 6 миллион бактын көчөтүн отургузууну көздөп жатат. «Бир жарандан бир көчөт» акциясынын алкагында бүгүнкү күнгө карата 1 миллион 18 миңден ашуун бак-дарактын көчөтү отургузулду.

Алдыда Бишкек шаары - 320 миң көчөт. Андан кийин Баткен облусу келатат - 250 миң.

Ал эми Ысык-Көл жана Талас облустарында, дирекциянын маалыматына караганда, иш солгун жүрүп жатат. Аталган аймактарда болгону 3 миңден гана көчөт отургузулду.

Быйылкы жыл Кыргызстанда Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган. Жакында өлкөнүн калкы 6 миллионго жеткени расмий кабарланды. (RK)

XS
SM
MD
LG