Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Орусия үч тик учагын Сириядан кайтарды


Орусия тик учактары.
Орусия тик учактары.

Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттарынын кабарлашынча, Сириядагы Орусиянын Хмеймим базасынан чабуул коюучу үч оор тик учак 28-мартта Орусияга жөнөтүлдү. Эки Ми-24 жана бир Ми-35 Антонов-124 транспорттук учагы менен Орусияга жөнөтүлгөн.

Россия-24 телеканалына берген маегинде орус офицери, Сирияда ар кандай маселелерди чечүүгө жетиштүү өлчөмдө аскер жана техника бар экенин билдирди.

Орусия президенти Владимир Путин Сириядагы орус аскерлери беш ай ичинде коюлган тапшырманы аткаргандыктан аскерлердин маанилүү бөлүгү чыгарыларын билдирген. 27-мартта президент Путин Пальмира шаарынын бошотулушу менен президент Башар ал-Асадды куттуктады.(AiT)

XS
SM
MD
LG