Бул тууралуу Сириянын тарыхый баалуулуктар боюнча кызматынын башчысы Маамун Абдулкарим билдирди. Анын айтымында, Пальмираны Сирия аскерлери орус аба күчтөрүнүн колдоосу менен бошотор замат эле 28-мартта археологдор байыркы эстеликтерге келтирилген зыяндарды байкоого келишкен. “Эгерде ЮНЕСКО бизге уруксат берсе, "Ислам мамлекети" террордук тобу бузган эстеликтерди калыбына келтирүүгө беш жыл талап кылынат”, деди Маамун Абдулкарим. Ал жалпысынан тарыхый эстеликтер сакталып калганын, өкмөт мындан жаман абалды элестеткенин кошумчалады. ДАИШ ("Ислам мамлекети" террордук тобу) Пальмираны көзөмөлдөп турган он айдын ичинде 1800 жыл илгери курулган эстеликтерди бузган. (AiT)